Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Сооронбай Жээнбеков: Абал турукташа баштады деп шашма баа берүүгө азырынча эрте

01.08.2020 13:59
1060
Сооронбай Жээнбеков: Абал турукташа баштады деп шашма баа берүүгө азырынча эрте

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы суроолорго жооп берип жатып, 30-июнь - жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул илдеттен каза болгон мекендештерди эскерип, аларга арнап Куран окутканын айтты.

Кайтыш болгон бир боорлорубуздун жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул илдет ар бир кыргызстандыктын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум. Баарыбыздын тагдырыбыз бир болуп турат. Эми, мына ушул кыйын күндөрдөн да чогуу, биримдикте Кудайдын колдоосу менен буюрса чыгабыз деп элибизди ишендирип кетмекчимин, - деди президент.

Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү кырдаалды адистер, «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан.

Бирок, мындай шашма баа берүүгө дагы эрте. Эмне үчүн дегенде, өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек. Кээ бир ушул пандемия токтоп калды, азайды деп карантинди алган өлкөлөрдө дагы, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат. Ошондуктан биз дагы деле кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн, өз жакынын коргоосу зарыл болуп турат. Ошондуктан, биримдик менен бирге бекем тартипти унутпайлы. Негизги көңүл дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү дегендей иштерди жүргүзүп жатабыз.

Азыр мына ушул иштерди катуу көзөмөлгө алдык, өкмөт бул багытта иштеп жатат. Кырдаал көзөмөлдө. Дагы бир ирет өзгөчө баса белгилеп кетем. Кырдаалды мамлекеттик органдар, өкмөт гана оңдой албайт. Ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти катуу кармасак, бул илдетти буюрса жеңебиз”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн