Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сооронбай Жээнбеков Араванда иш сапары менен болду (фоторепортаж)

11.06.2020 16:08
1426
Сооронбай Жээнбеков Араванда иш сапары менен болду (фоторепортаж)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда Ош облусунун Араван районундагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматы боюнча, Араван районундагы Керкидан айылындагы ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү боюнча долбоор толугу менен бүткөндөн кийин 2654 га жерде суунун жеткиликтүүлүгү жакшырат, ошондой эле жыл сайын суу жоготуулары да азаят.

Курулуш иштери 2018-жылдын январь айында башталып, бүгүнкү күндө дээрлик аяктап калды. Каналдардын жалпы узундугу болжол менен 60 км түзөт. Долбоор Дүйнөлүк банктын көмөгү менен ишке ашырылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ноокат районунун Кур-Таш, Каримберди айылдарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери жакынкы убактарда аяктаары күтүлүүдө. Курулуш иштеринин толук бүткөрүлүшү менен аталган айылдардын үч миңдей тургуну таза суу менен камсыз болот.

Аталган долбоор республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Анын долбоордук-сметалык жалпы наркы 62,6 миллион сомду түзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана аларды модернизациялоо — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба потенциалын көтөрүү маселелери менен тыгыз байланышта экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы сугат суу системасын жолго коюу жаңы сугат жерлери менен жумушчу орундарын түзүүгө, ички миграцияны кыскартууга жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.

Президент мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүүсү керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Апаз
Керметоо айыл окмоттунода конул бурса жакшы болмок. Онукон айыл окмотторду карай бербей
Апаз
Керметоо айыл окмоту таза суу менен качан камсыз болот ошондо?