Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сооронбай Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдык маселелерин талкуулады

03.07.2020 17:19
1210
Сооронбай Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдык маселелерин талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого карата даярдык маселелерин талкуулады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу Жарлыгыбүгүн, 3-июлда күчүнө кирди.

Нуржан Шайлдабекова БШК тарабынан парламенттик шайлоого карата көрүлүп жаткан уюштуруу иш-чаралары жана даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, шайлоо азыркы шарттарда жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү шарт. БШК бул маселе боюнча өкмөт менен бирге иштешет.

БШКда жумушчу топтор түзүлүп, бүгүнкү күндөн тартып шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштеп баштайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө шайлоо боюнча өз позициясын билдиргенин — бардык саясий партиялар үчүн бирдей шарттар түзүү зарылдыгын баса белгилегенин эске салды.

«Биз укуктук жагынан жакшы даярдыктарды көрдүк. Бардык зарыл мыйзамдар күчүнө кирди. Эми негизги милдет — шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарын так сактап, ачык-айкын шайлоону өткөрүп алууда», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн