Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

13.05.2020 16:41
954
Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды


Бүгүн, 13-майда Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, прокуратура органдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана алардын алдына жакынкы келечекке коюлган артыкчылыктуу милдеттер талкууланган.


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчет берип, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын бирдей  аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымдаган.


Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, прокуратура органдары тарабынан укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиарддан ашуун сом кайтарылгандыгы белгиленген.


Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берген.


Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин баса белгилеген. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурган.


Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн