Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков Карачидеги учактын кыйрашына байланыштуу Пакистандын Президентине көңүл айтты

23.05.2020 15:52
942
Сооронбай Жээнбеков Карачидеги учактын кыйрашына байланыштуу Пакистандын Президентине көңүл айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Ариф Алвиге Карачи шаарындагы аэропортунун жанында учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдирди.


Карачи шаарындагы аэропорттун жанында Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм, — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.


Эске салсак, Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде  Airbus A-320 учагы кулап 97 адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн