Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

06.07.2020 13:16
1043
Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын Борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.


Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн