Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков: Оор кырдаалда кимдин ким экендиги билинет

20.04.2020 15:00
1098
Сооронбай Жээнбеков: Оор кырдаалда кимдин ким экендиги билинет

 

Мамлекеттик бийлик органдары үчүн бул — татаал сыноо. Мына ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышып жатып.


Анын айтымында, Бишкекте карантиндин алгачкы күндөрү көп мүчүлүштүктөр болду. Азыр кемчиликтер жоюлуп, зарыл иштер ырааты менен жүргүзүлүп жатат.


Президент учурдагы абалды туура түшүнүп, тартипти сактап жаткан кыргызстандыктар коронавирустун мындан ары таралышына каршы күрөшкө баа жеткис колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мекендештерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.


«Азыркы карантин учурунда ким кандай колдоого муктаж экенин так, даана билебиз. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйынчылыктарды көрүп жатат. Калкты тейлөө тармагында иштегендерге да оңой болгон жок. Эми азык-түлүк жагынан колдоого астейдил көңүл буруу керек. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз кайсы бир мамлекеттерге караганда чектелүү болушу мүмкүн, бирок биз өз жарандарыбызды ушундай кырдаалда колдоп алууга дараметибиз жетет», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.


Президент эч ким көңүл сыртында калбай тургандыгын, керектүү резервдер бар экендигин дагы бир жолу айтты.


«Өкмөт, жергиликтүү бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жардамга муктаж жарандарыбыз менен иштеп жатат. Ошондой эле эл аралык фонддор, бизнесмендер, колунда бар жарандарыбыз жакындан жардам берип жатышат. Бул жумуш токтобойт, уланат. Жергиликтүү бийлик жетекчилери эл менен болуп, жардамга муктаждарга кечиктирбей кол сунуп туруусу талап кылынууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн