Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Сооронбай Жээнбеков жарандарды жоопкерчилик менен тартипти сактоого чакырды

30.06.2020 13:51
1033
Сооронбай Жээнбеков жарандарды жоопкерчилик менен тартипти сактоого чакырды


Чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү. “Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак, Кудай буюрса, бул сыноодон татыктуу өтөбүз. Медиктерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн. Акыркы күндөрдөгү кырдаалды эске алып, ооруканаларда кошумча орундар даярдалды. Республикалык штаб ооруга чалдыккандарды кабыл алуу, дарылоо, консультация берүү ишин ыкчам уюштурууга, жөнгө салууга милдеттүү экенин эске салам”, - деди президент.

Ал белгилегендей, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар жарандардын жоопкерчилиги да азыркы учурда чоң мааниге ээ. “Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбайлы. Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык!”, - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн