Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Сосновка” постунан өткөн жылы 65 млн сом түшкөн

20.05.2020 11:30
922
“Сосновка” постунан өткөн жылы 65 млн сом түшкөн


Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр участкасындагы туннелдин ичинде жарык берүүчү лампалар күйбөй калганын жарандар билдирип жатышат, деп маалымдады депутат депутат Бакирдин Субанбеков бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, анын ичи көрүнбөй, авариялык абалдар жаралып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министри Жанат Бейшеновдун билдирүүсүндө, ал жерде атайын кызмат бар жана тейлөө иштерин жүргүзүп, көзөмөлгө алып турушат. “Ички жарыктандыруу маселесин  караштырып чыгалы”, - деди министр.

Ошондой эле ал, депутаттын суроосуна жооп берип жатып, “Сосновка” постунан өткөн жылы 65 млн сом түшкөнүн кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн