Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

16.01.2024 17:20
191
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди


Бүгүн, 16 январда саат 16:15дан тартып Бишкек - Ош трассасындагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, мындай чара жасалма тыгындарды болтурбоо максатында көрүлдү.

"Кыргызавтожол" МИнин №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн