Жалган курандын 04, 2024
Убакыт: 08:17
USD
89.30
89.72
EUR
96.60
97.60
RUB
0.965
0.990

Сот Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн узартты

08.02.2024 22:11
215
Сот Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн узартты


Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартты.


Буга чейин саясатчынын жактоочулары соттун алкагында 6-февралга карата 34 күбө суралганын билдиришкен.


Туугандары жана тарапташтары 8-февралда Мадумаров менен учураша алышпай, мындай мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканына нааразылыгын билдиришти.


Эске салсак, Мадумаров 2-сентябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ага чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылууда. Сот жабык эшик артында өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн