Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун доо арызын канааттандырган жок. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын жасалма дипломдун айынан депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Маалым болгондой, бир күн мурун сот Фарходбек Алимжановдун кесиптеши Фархат Исмаиловдун арызы боюнча ушундай эле чечим чыгарган.
Чечим 30 күндүн ичинде жогору турган органга даттанылышы мүмкүн.
Эске салсак, УКМКнын материалдары Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 8-апрелинде келип түшкөн. Андан соң Билим берүү министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөн. КУУнун ректоратынын Фархат Исмаиловдун наамына диплом берилбегендигин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн