Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сот аткаруучу кекиртектен "илинди"

31.01.2020 12:14
878
Сот аткаруучу кекиртектен "илинди"
УКМКнын укуругу узун. Ушуну коррупционерлер кашайып түшүнбөй коюшту. Түшүнөйүн эле дейт, капкандагы жемди көргөн түлкүдөй, бирдеме чыга турган жерди көргөндө куйруктарын шыйпалактатып жатышып, капканга кантип түшүп калганын байкабай да калышат. УКМК бул жолу Аламүдүн райондук сотунун сот аткаруучусун капканга түшүрдү. Кармалган эргул, “жол кырсыгы фактысы боюнча козголгон кылмыш ишиңди токтотуп берем, ал үчүн мынча бересиң деп” кекиртегин чертип, алган парасын жутайын дегенде УКМКчылар кыйкылдатып дал ошол кекиртектен алышып, мойнуна Кылмыш кодексинин “Пара талап кылуу” беренесин илип коюшту. Берениң кекиртегин кыйкылдатып-чыйкылдатып сурак берип жаткан кербези.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн