Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Соцфонд пенсионерлердин санын азайтууну көздөйт

17.12.2020 13:10
12201
Соцфонд пенсионерлердин санын азайтууну көздөйт

Бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык фонд терс чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гүлнура Джуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, 2019-жылы Кыргызстандын 47 миң жараны пенсияга чыккан.


«Биз администрациялоону, Социалдык фонддун чыгымдарын оптимизациялоону сунуш кылабыз. Мындан тышкары,  терс иш-чараларды көрүүгө аргасызбыз. Өткөн жылы 47 миң жаңы пенсионер кошулду, алардын жарымы жашына чейин пенсияга чыгышты. Биз мунун бардыгын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Болбосо, пенсионерлердин саны өсөт », - деди ал.

Пикирлер (30)

Коопсуздук коду
Бакыт
Пенсионерлерди кыскартуу менен маселе чечилбейт,Соцфондго налог тологондордун санын кобойту керек россиядагы мигранттардын соцфондго тологон налогдорун кыргызтанга толоту керек кийин пенсияга чыгуда женил болот.
А
Же пенсия же жумуш . Экөөнү тен алган болбойт!! Жаштар иштесин!!!
О. А
Башка жакта жашап, бирок ошол аймакта жашайт деген справканы айыл өкмөтүндөгүлөр менен сүйлөшүп алышып, шаарда көп жылдан бери жашагандар көп. Айрымдар сүйлөшүү жолу аркылуу пенцияга эрте чыгышат.
Айжан
Тээ өйдөдөгү чиновниктердин пенсиясын азайткыла андай эле кыйын болсоңор.иштеп атып пенсия алгандардын пенсиясын азайткыла болбосо ордун берсин жаштарга.алыңар ушу пенсия,пасобиеге эле жетет карапайым элге эле чоң болгонду билесиңер.
Elya
Уялбайсынарбы, депутаттардын санын азайтып, ошолордун чыгымларын азайтпайсынарбы, гос жумушта иштегендерден проф союзга канчалаган акча кармайсынар кана ошол акча каякка кетип атат айтып отурса толтура анан келип пенсия менен эле пособия алгандарга асыласынар