Теке 07, 2024
Убакыт: 04:42
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Социалдык келишимге дээрлик 8,6 миң аз камсыз болгон үй-бүлө арыз берген

04.07.2024 13:34
108
Социалдык келишимге дээрлик 8,6 миң аз камсыз болгон үй-бүлө арыз берген


Бүгүнкү күндө мамлекет менен социалдык контракт түзүү үчүн 8 миң 591 аз камсыз болгон үй-бүлө арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, социалдык контрактты социалдык паспорту бар, же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. "Социалдык контракт" программасына катышуу жөнүндө чечим ыктыярдуу болуп саналат, эч кимдин үй-бүлөсүн өз ишин ачууга мажбурлоого укугу жок.

Эгерде үй-бүлө мамлекеттен бөлүнгөн 100 миң сомго өз бизнесин ачууну чечсе, райондордо жашагандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ал эми облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын тургундары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлери бизнес-планды жана социалдык адаптациялоо программасын түзүү боюнча, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришет.

Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча бир комиссия тандоону жүзөгө ашырат. Райондордо тандоону эки баскычтуу комиссия жүргүзөт: Социалдык маселелер боюнча Комиссия жана социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия.

Арыз бергендердин ичинен 4 277 үй-бүлө мамлекеттик социалдык жардам алуу үчүн социалдык контракт түзүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн