Кулжа 28, 2025
Убакыт: 02:04
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Соцтармактагы баракчанын администратору 48 саатка камакка алынды

15.08.2022 08:00
611
Соцтармактагы баракчанын администратору 48 саатка камакка алынды

Facebook'тагы "ПолитУзник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу маалымат аталган баракчага жарыяланды.


Маалым болгондой, Ырыс Жекшеналиев ИИМ тарабынан 5 саат суракка алынган. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча жасаган кайрылуусуна байланыштуу сурак берген.


Жекшеналиев 48 саатка ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Активист убактылуу кармоочу жайга киргизилерден мурда кат жазып калтырган:


"Урматуу мени колдоп , мага сарсанаа тартып жаткан мекендештерим!

Сиздердин колдоонуздарды сезип, дух алып турам! Мага козголгон кылмыш иши 100% саясий негизде! Мен сынбайм ! Мен чыгам!


  Мама , мен көп нерсени Сизди ойлоп унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз , баары жакшы болот. Анткени эне балага чоң таасир этет. Мама! Мен сени жакшы көрөм!


  Мен болгону 19 жаштамын . Бийлик , тапкан экенсиң оппонентти!!!

  

               14 - 15 август ГСУ МВД

               ЖЕКШЕНАЛИЕВ ЫРЫСКЕЛДИ!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн