Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сөз эркиндигин артында жоопкерчилик тураарын АКШ далилдеди

14.01.2021 12:24
757
Сөз эркиндигин артында жоопкерчилик тураарын АКШ далилдеди

13-январда АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоду. Аны колдоого 232 добуш берилсе, каршы болгондордун саны 197 болду. Негизи резолюция колдоо табуу үчүн 218 добуш жетиштүү. Импичмен жарыялоо демократтардын демилгеси болсо дагы, аны бир нече республикачы конгрессмендер да колдоду. Башкача айтканда, президент Дональд Трамптын да партиялаштарынын арасынан ага импичмент жарыялоону колдогондор болду.


Бул чечимдин негизинде АКШ сенаты Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Ага карата кандай айыптоо коюлуп жатканы дүйнө коомчулугуна белгилүү. Ушул жылдын 6-январында Вашингтондо Капитолияге кол салуу болгону белгилүү. Ошол күнү Ак үйдүн алдына митингге чыккандардын алдына президент Трамп чыгып сөз сүйлөгөн. Натыйжада аны козголоң чыгарууга козуткан деп айыпташууда.


Ошол эле убакта Трамптын «Фейсбук», «Твиттердеги» баракчаларына да чектөө киргизилди. Ал азыр бул социалдык түйүндөр аркылуу эч кандай пост жазалбайт. Мындай аракет АКШнын коопсуздугу үчүн жасалып жатканын белгилеп коюу керек.


Мунун өзү АКШда демократия да, сөз эркиндиги да тиешелүү талапка баш ийиши керек экендигин көрсөттү. Башынан эле сөз эркиндигинин артында жоопкерчилик деген нерсе турушу керек экени белгилүү. Жоопкерчилиги жок эч кандай сөз эркиндиги болушу мүмкүн эмес. Эгерде сөз эркиндигинин чектен ашуусунун аркасы менен мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулуп жаткан болсо, анда аны да тизгиндөөгө мүмкүн экенин АКШ дүйнө жүзүнө далилдеди. Али колунан бийликтин туусу түшөлек Трамптын социалдык түйүндөрдөн колдонуу эркиндигинин чектелиши буга ачык мисал.


Демек, эми мындан ары Кыргызстанда да «Каалаганымды сүйлөйм, мени эч ким чектебеши керек» деген ойдо жүргөндөр ойлонушу керек. Ар кандай донорлордун гранттары менен иш алып барган бейөкмөтчүлөргө бул өзгөчө тиешелүү. Социалдык түйүндөрдө ар кандай фейк-аккаунттарды ачып алып, анан мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына бүлүк сала турган постторду, комментарийлерди жазгандарга да дал ушундай чектөө керек.


Дагы бир маанилүү жагдай мындай, азыркы тапта Кыргызстанда конституциялык реформа жасоо аракети боюнча түрдүү пикирлер бар. Мында да бир гана адамдын пикири таңуулануусуна жол берилбеши маанилүү. Мисалы, Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы позицияны кармангандарга карата ар кандай мазактаган, коркуткан пикирлердин жазылышына жол бербөө керек. Же болбосо Конституцияны өзгөртүүнү туура көргөндөрдү коркутууга жол берилбесин. Кандай гана түрдүү пикирлер айтылбасын, жыйынтыгында бир пикир басымдуулук кылат. Демек, көпчүлүктүн пикири менен макул болууга туура келет. Чыныгы демократия, чыныгы сөз эркиндиги ошондо гана күчүндө болгон болот. Бийликтин күчүнө таянып, коомдук пикир жаратуу да сөз эркиндигин кысуу болуп саналат. Бул жагынан АКШдагы жагдай бизге чоң сабак болуусу кажет.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн