Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

SpaceX үч жылдан бери биринчи жолу орбитага эки спутниги бар Falcon Heavy ракетасын учурду

02.11.2022 17:12
800
SpaceX үч жылдан бери биринчи жолу орбитага эки спутниги бар Falcon Heavy ракетасын учурду


2019-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу SpaceX АКШнын Космос күчтөрү үчүн спутниктердин тобу менен орбитага өтө оор Falcon Heavy ракетасын учурду. Бул тууралуу компания өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.


Ракета кечээ, 1-ноябрда эртең менен Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан космодромдон учурулган. Falcon 9дун эки каптал күчөткүчтөрү жерден 29 км бийиктикте ракетанын негизги баскычынан синхрондуу түрдө бөлүнгөн. Бир нече мүнөттөн кийин алар кыймылдаткычтарын кайра иштетип, дээрлик бир убакта эки жерге конушту.


Учуруу АКШнын Космос күчтөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылганы кабарланган, бирок чоо-жайы айтылган эмес. Алар дээрлик эч нерсе айтылбаган жашыруун спутникти жана TETRA-1 изилдөө микроспутнигин учурганы гана белгилүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн