Түндүк Кореянын тургуну Түштүк Кореяга үч метрлик тосмодон секирип өтүп кеткен. Бул тууралуу ал өзү айтып берген.
Окуя 3-ноябрда орун алган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Түштүк Кореянын чек ара кызматкерлери аны 14 сааттан кийин кармаган. Азыркы учурда Түштүк Кореяда тергөөдө отурат. Чек арадан секирип өткөн жарандын мурда гимнастика менен машыгып жүргөнү белгилүү болгон.
Сеул тергөөчүлөрү анын жалган айтып жатканын далилдөө үчүн үч метрлик тосмодон секиртип көргөн.
Түштүк Корея бул окуядан кийин чек арадагы абалды күчөткөн
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн