Бүгүн, 17-октябрда Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тышкы иштер министрлер ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жөнүндө, ТМУнун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен күч-аракеттер, уюмдун өнүгүү перспективалары жана жаңы институттарды түзүү боюнча пикир алмашышты. Тактап айтканда, министрлер алдыда боло турган ТМУнун Саммитинде түрк өлкөлөрүнүн саясат, экономика, маданият, билим жана башка жаатындагы келерки беш жылдык кызматташтыгынын «кол китебине» айланууга арналган «2022-2026-жылдарга карата ТМУнун Стратегиясы» документинин кабыл алынышын талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле глобалдык процесстердин өнүгүүсүнүн башка тенденциялары боюнча пикир алмашышты.
Министр Ж.Кулубаев учурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана чыңалууну басаңдатуу боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттери тууралуу маалымат берди.
Тараптар үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтө турган ТМУнун кезектеги Саммитине даярдык көрүү маселелерине көңүл бурушту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн