Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 22:47
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Стамбулда Түркиядагы кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү боюнча штаб түзүлдү

06.02.2023 13:28
517
Стамбулда Түркиядагы кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү боюнча штаб түзүлдү

Түркияда кыргызстандыктарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.


КР ТИМинин алдын ала маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.


Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталия жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктары менен биргеликте курмандыктар жана жабыркагандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тактоо боюнча Түркиянын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.


"Абалды көзөмөлдөө жана КР жарандарына консультативдк-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү. Мындан тышкары, ыкчам байланыш телефондору иштейт, алар боюнча Кыргызстандын Түркияда жашаган жарандары жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн