Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:04
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду

16.01.2025 11:24
814
Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду


Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду. Бул тууралуу NTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын арасында чет мамлекеттердин жарандары да бар.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан контрабандалык алкоголь продукциясын саткан дүкөн аныкталган. Учурда соода жайы жабылып, мөөр басылган.

Белгилей кетсек, Түркиядагы туристтердин ичинен жапырт уулануу учурлары 14-январда маалымдалган. Уулануу белгилери бар 38 адамдын 26сы чет өлкөлүктөр экендиги айтылган.

Түркиялык ЖМКлар билдиргендей, жыл башынан бери шаардык ооруканаларга жасалма аракка ууланган 46 адам келип түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн