Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Стамбулдан келгендер 3 күндөн кийин обсервациядан чыгарылды (видео)

18.05.2020 12:52
1028
Стамбулдан келгендер 3 күндөн кийин обсервациядан чыгарылды (видео)


Кыргызстанга 15-майда Стамбул-Бишкек аба каттамы менен келген 330 жаран “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервациялык жайдан чыгарылып жатат.


Бул каттамдагы жарандардын арасында COVID-19 вирусу барлар аныкталган эмес. Баарына эрежелерди катуу сактоо милдеттендирилип, бүгүн, 18-майда үй карантинине жиберилип жатат.


Обсервацияда жаткандардын биринин айтымында, алар бул жайда 3 күн болушту. Бүгүн атайын транспорт уюштуруп, үйлөрүнө чыгарып жатат. 


Обсервацияда бир бөлмөдө үчтөн орундук даярдалган. Бардык шарттар жакшы түзүлгөн, үч маал тамак уюштуруп беришти. Кетээрде ар бирибизди жаткан шейшептерди жана таштандыларды чыгарып, бөлмөнүн эшигинин алдына коюп коюуну айтышты. Азыр болсо үйгө кетүү үчүн өз кезегибизди күтүп жатабыз”, - дейт Стамбулдан келген жаран.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн