Стамбулдун түнүндө чыйрыктырган,
Кеч калгандан, ичимди сыйрып тургам.
Чоочун шаар тургансып муздак карап,
Аты бир кез алыстан сыймык кылган.
Жалгыздыктан өткөн да сынак барбы,
Жабыкканда эстейсиң ынак жанды.
Жашым кирпик учуна келатканда,
Сизди Кудай жиберген сыяктанды.
Бактылуумун... айтмакмын аны кимге,
Бир кемеге түшкөндөй жаны бирге.
Мени коштоп келдиңиз эркелетип,
Жагымдуудай эстеймин али күнгө.
Бөлүнгөндө ойлорго бир башым жүз,
Басаар жолу турсун деп сымбасын, түз...
Карегимден окуган абалымды,
Кандай жакшы адамсыз кымбатым-сиз!
Кабагыма калың жаап жатса карлар,
Кайдан билсин ал-жайды башка жандар.
Көздөрү айтып көңүлдү сөздөрү эмес,
Жашагыңды келтирет жакшы адамдар.
БАКТЫГҮЛ ЧОТУРОВА
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн