Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мамлекет студенттердин 8 стартап-долбоорун каржылап берет

25.12.2023 09:48
718
Мамлекет студенттердин 8 стартап-долбоорун каржылап берет


Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржылай турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Ведомствонун маалыматына караганда, каржылык колдоо көрсөтүү чечими министрлер кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңешмеде кабыл алынган. 

Анын ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү онлайн/оффлайн форматында катышты.

Байсалов өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө студенттик стартап-долбоорлордун орду чоң экендигин айтып, дүйнөдө бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы курч экендигин белгиледи.

“Биз жеңүүчү аталган долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал”, - деди Эдил Байсалов.

“Студенттик стартап” сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскычтуу: жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодон өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн.

Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактардагы стартап-долбоорлорун жакташты.

Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда, 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн