Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

25.06.2022 09:52
710
Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды


Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон.

Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган.

Куткаруучулар суицид аракетин жасап жаткан адамды сактап калган жана сактап кала албай калган учурлар буга чейин да катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн