Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Султан Раев бүгүн 62 жашта. Драматург тууралуу кызыктуу фактылар

13.07.2020 10:50
2050
Султан Раев бүгүн 62 жашта. Драматург тууралуу кызыктуу фактылар


Белгилүү драматург, акын, Кыргыз Эл Жазуучусу, коомдук ишмер Султан Раев бүгүн 62 жашта. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги драматург тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.


1) Султан Раев Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылдын 13-июлунда туулган.


2) 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн.


3) Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары болгон. 


4) 1990-жылы «Күн кармаган бала» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. Ушул эле китеп 1993-жылы кытай тилинде «Бала тууралуу баллада» деген ат менен Пекиндин «Улут адабияты» басмасынан жарык көргөн.


5) 1991-жылдан баштап «Кыргыз руху» коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген.


6) 1993-жылы «О, кыздар!» аттуу пьесасы үчүн Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты болгон. «Күн кармаган бала» (1990-жылы) пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын драма театрында коюлуп, «Нооруз» театр фестивалынын баш байгесин жеңип алган, бул спектакль мурдагы союздук республикалардын бир нече жерлеринде коюлган. 


7) 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бирине мейман катары чакырган. Ага дүйнө жүзүнөн саналуу гана адамдар катышкан. 


8) 2004-2005-жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болуп иштеген.


9) 2006-жылы драматургдун "Акыркы керээз" спектакли Англияда коюлуп, ВВС каналында көргөзүлүп, Европага тааныла алган.


10) 2006-2010-жылдары маданият жана маалымат министри болгон. Ошондой эле президенттин кеңешчиси, кийин Курманжан датка, Маданият жана тарых жылдарын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча дирекцияларды жетектеген.


11) «Таймам» пьесасынын негизинде коюлган спектакль Уфа шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалында биринчи орунду, Карши шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун, Германияда өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун жеңип алган.


12) С.Раев режиссер катары «Кашар» пьесасын Нарын драма театрында, «Исхак Раззаков», «О, кыздар!» пьесасын Ош драма театрында, «Ханышанын көз жашы» пьесасын Туңгуч драма театрында койгон.


13) Султан Раев Кыргыз Республикасынын Токтогул  атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.


14) КМШ мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Евразия адабий сыйлыгынын ээси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн