Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүлүктү шаарында акыркы коңгуроо аземине карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

20.05.2022 17:46
1014
Сүлүктү шаарында акыркы коңгуроо аземине карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Сүлүктү шаарында коопсуздук чаралары жүрүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Сүлүктү шаарындагы жергиликтүү мэрияда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу талкууланды. Талкууга Сүлүктү ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Арстан Усанов шаар аймагындагы кылмыштуулук боюнча баяндама берип өттү. Андан соң, акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелери күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, мектеп бүтүрүүчүлөрү шаар айлануу үчүн кортеждерди айдатып чыгууга, кафе-ресторандарда иш-чара уюштурууга тыюу салынганын билдирди. Ошондой эле окуучулар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу, пикник, экскурциялар көзөмөлсүз калбоону, калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулуктарга жол бербөө багытында эскертүүлөрдү берди.


Сүлүктү шаар аймагында 2022-жылдын 4 ай аралыгында зордук –зомбулуктун 2 фактысы катталып, коргоо ордерлери берилген. Ал эми жаш өспүрүмдөр жасаган 2 уурулук катталып, бети ачылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн