Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Сурамжылоо: Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?

09.02.2023 11:47
1346
Сурамжылоо: Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?



Миңдеген адамдардын өлүмүнө себеп болгон Түркия менен Сириядагы зилзаладан кийин Кыргызстандагы курулуш тармагы актуалдуу темага айланды.


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын көпчүлүгү Кыргызстандагы анын ичинде өзгөчө Бишкек жана Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты начар экенин айтып, катуу жер титирөөгө туруштук бере албай турганын билдиришти.


Эл өкүлдөрү ар бир көп кабаттуу үйдө сейсмикалык талаптар сакталганбы же жокпу, алардын сапатын текшерүүнү талап кылышты.


Очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 12 миңден ашты. 



Мындай кырсыктан сактануу жана анын алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?

Ооба, сөзсүз, ар бир көп кабаттуу үйдүн сапатын текшериш керек! 149 добуш (96.13%)
Тиешелүү мекемелер жоопкерчиликтүү. 3 добуш (1.94%)
Түркия менен Кыргызстандын жер кыртышын салыштырууга болбойт. 3 добуш (1.94%)

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Рыскуль Турганбаева
Албетте текшеруу кк, келечекте биздин балдар, неберелер жашайтта. Созсуз козомолго алыш кк.
Асакеев Бактыбек
Сөзсүз текшериш керек. Көбү ийилбей эле чорт сынып кетүүчү жараксыз болгон китайский арматуралар менен курулган да. Ошондой коркунучтуу тамдарда канчалаган адамдар бейкапар жашап жатышат. Аларды текшерип, кооптуу тамдар болсо тез арада көчүрүү жагын чечпесе болбойт. Адамдардын тагдырын ойлогон туура! Темирди текшерген оор эмес.
Жолдошбек Султаналиев
Курулуп жаткан үйлөргө сөзсүз, дыкаттык менен тиешелүү мекемелер көз салуусу керек!!
Майрам
Ооба,макулмун.Биздеги коррупциянын учурунда жакшылап текшеруу жургузуш керек.
Нурбек Кутманов
Текшериш керек... Технадзордун оозун майлап өткөрө беришет... Сапаттуулар аз, угуп жүрөбүз куруп иштеген куруучулардан да... Прорабдар арзан сапатсыз курулуш материялдарын колдонуп, акча чыгарып алышат дешет... Текшергиле, сапатсыздарын буздуруп эле салыш керек ушунчасында...