Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 12:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

23.01.2023 12:47
17129
Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

Соңку күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деген пикирлерин калтырышууда.


Буга себеп катары алар салыктын түрлөрүнүн көбөйгөнү жана Министрлер кабинетинин шалаакылыгынан улам өлкө жетекчисине нааразылык пайда болгонун жүйө келтиришүүдө.


Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саясатын колдоп, экономикалык бакубатчылыкка жетүү үчүн ал кызматтан кетпеши керек дегендер да аз эмес.



Урматтуу окурман, сиз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деп эсептейсизби?

Жок! Акылбек Жапаров кызматын улантышы керек! 561 добуш (77.06%)
Ооба, Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек! 151 добуш (20.74%)
Мага баары бир! 16 добуш (2.20%)

Пикирлер (331)

Коопсуздук коду
Диана Айдарова
Акылбек Жапаровду кетирип эмне пайда табасыңар? Ишинин аягына чыгарсын! Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт. Акылбек Жапаров күчтүү финансист.✅ 🇰🇬 2022-жылы Салыктан 207,9 млрд сом чогулду. Бул 2021-жылга салыштымалуу 63,8 млрд сомго көп. 🇰🇬 Эч кандай салыктын жаңы түрү киргизилген жок. Өкмөт көзөмөлдү күчөттү, мурдагыдай “крыша” болгондорду жойду, коррупциялык жолдорго бөгөт койду. 🇰🇬 Мына ушинтип салыкты уурдатпай, мамлекеттин казынасына түшүрүп жатат.
Мирлан кызы Бегимай
Акылбек Жапаров ишин улантсын
Марат
Сапаркулов
Султан
Жок. Иштеши керек. Сонун эле иштеп жатат.
Сагынбек уулу Алтынбек
Мыкты иштеп атат иштеш керек