Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов TikTok социалдык тиркемеси жаштардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.
" TikTok социалдык тиркемесинде бүгүнкү күндө ар кандай жаман видеолор тарап жатат. Биздин улуттук идеологиябыз болуш керек. Мындай жаман нерселерди көргөн келечек муун кайда барат? Маданият министрлиги ушуга окшогон нерселерге тез арада чара көрүш керек",- деди депутат Атазов.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары TikTok'ту туура багытта да колдонсо болорун белгилешүүдө.
Пикирлер (10)