Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сурамжылоо: TikTok социалдык тиркемесин жабуу сунушун колдойсузбу?

01.02.2023 13:39
1477
Сурамжылоо: TikTok социалдык тиркемесин жабуу сунушун колдойсузбу?



Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов TikTok социалдык тиркемеси жаштардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.


" TikTok социалдык тиркемесинде бүгүнкү күндө ар кандай жаман видеолор тарап жатат. Биздин улуттук идеологиябыз болуш керек. Мындай жаман нерселерди көргөн келечек муун кайда барат? Маданият министрлиги ушуга окшогон нерселерге тез арада чара көрүш керек",- деди депутат Атазов.


Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары TikTok'ту туура багытта да колдонсо болорун белгилешүүдө.

Сиз TikTok социалдык тиркемесин жабуу сунушун колдойсузбу?

Ооба, TikTok'ту жабыш керек! 78 добуш (73.58%)
Жок, TikTok'ту туура багытта колдонсо болот! 20 добуш (18.87%)
Мага баары бир 8 добуш (7.55%)

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Жусупбек Кадырбеков
Жабыш керек. Жаптырбасак трагедия болот бул нерсе.
Муратбек
Мектеп окуучуларын ан сезими өзгөрүп терс таасирин тийгизип жатат. Өзбекстандан жаап салган бизге да кереги жок сайт экен
Ханифа
Менин пикирим кереги жок бул каналды балдарды бузватат
Гулжаз
Тик ток жабылбаса келечекти жоготуп алуу коркунучу бар !
Таалай
Тик ток омурубуздун берекесин уурдап атат