Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сурамжылоо: Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?

17.06.2021 14:17
6359
Сурамжылоо: Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?


Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышпагандыгына байланыштуу бир нече депутаттар нааразы болду. 


Кээ бир эл өкүлдөрү өз милдетин аткара албай жатканын билдирип, кечээ айтылган, бүгүн келген жок, бул сыйлабастык десе, кээ бирлер “эрке бала” МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүрбөстөн, келип отчет берсин деди.


Ал эми “Өнүгүү-Прогресстин” төрагасы Бакыт Төрөбаев анын келишин күтпөй комитеттен эле карап, жыйынтык чыгарып коёлу деди.

Сиз депутаттардын Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?

Дагы убакыт берели 467 добуш (67.49%)
Ооба, кызматтан кетсин 186 добуш (26.88%)
Мага баары бир 39 добуш (5.64%)

Пикирлер (41)

Коопсуздук коду
Даирбеков Айбек
Иштесин, башка келсе деле суу боюнча печпейт, колдойм
Турдуева Моника
Париж да бир күндө курулган эмес!Иштеп,аракет жасап жаткан адамга мүмкүнчүлүк бербейт экенбиз да. Улам-улам премьер министрди алмаштыргандан эмне пайда.У.Марипов эң татыктуу инсан, колдойбуз,анын, мындан ары да эл үчүн чын дилден иштөөсүнө ишенебиз!
Жусупбеков Данияр Касымович
Аябай жакшы иштеп жаткан болчу, Дагы да көп иштерди жасайт
Турдуев Камбарали
Иштей берсин
Адилет
Мариповдун кадрв Айыл чарба министри Жаныбеков Аскар өкмөттөн 2013 жылы алган жеңилдетилген кредитинин ( 2013 жылы 15 жылга 39 млн.сом) проценттерин (2,5 млн.сомду) төлөбөй жатып, дагы КРФ дан кредит алып эт комбинат курду. Же Кыргызстанда (ошол эле Көлдө) андан башка фермер жокпу? Жөнөкөй дыйкандар кредитке жетпей жүрсө министр катар катар жеңилдетилген кредит алууга моралдык укугу барбы?