Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сурамжылоо: Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?

17.06.2021 14:17
6358
Сурамжылоо: Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?


Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышпагандыгына байланыштуу бир нече депутаттар нааразы болду. 


Кээ бир эл өкүлдөрү өз милдетин аткара албай жатканын билдирип, кечээ айтылган, бүгүн келген жок, бул сыйлабастык десе, кээ бирлер “эрке бала” МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүрбөстөн, келип отчет берсин деди.


Ал эми “Өнүгүү-Прогресстин” төрагасы Бакыт Төрөбаев анын келишин күтпөй комитеттен эле карап, жыйынтык чыгарып коёлу деди.

Сиз депутаттардын Улукбек Мариповду кызматтан алуу сунушун колдойсузбу?

Дагы убакыт берели 467 добуш (67.49%)
Ооба, кызматтан кетсин 186 добуш (26.88%)
Мага баары бир 39 добуш (5.64%)

Пикирлер (41)

Коопсуздук коду
Данияр
Иштеп ататко гозунорду ачкыла. Силердин казанынарга аш салып берсинби
Куштар
Убакыт созсуз бериш керек 30 жылда 31 Премьер Министр алмашты не болду Мамлекет ушундай тунгуюкка келип такалды 30 жылда топтолгон проблемаларды 3.4 айда чечуу мумкун эмес убакыт бериш керек жана колдош керек
Арген
Жөнү жок эле жалдырай бербей орду менен сүйлөп чындыкты жазалычы, күнү түнү иштеп жатат эл көрүп турат канчалаган күтүүсүз текшерүүгө алып атка минерлерди текшерип атат өтө жакшы иштеп атат рахмат ишиңизге
Курбанали
Менин жеке пикирим Улукбек Асамидинович жакшы иштеп жатат башка Адам мынчалык аракет кылып иштешине козум жетбей жатат башка татыктуу Адам деле калбады окшойт иштесин колдоп коштоп туралы Кыргызстандын келечеги баарыбыздын кызыкчылыгыбыздан ойдо турат.
Куштар
Дагы убакыт бериш керек иштеп жатат 30 жылдагы топтолгон маселени 3 айда эчким чече албайт