Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк "Биримдикти" тандады

06.06.2020 19:11
5052
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк "Биримдикти" тандады

Ушул жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги буга чейин парламенттик шайлоого катыша ала тургандай потенциалы бар партияларды окурмандардын сынына койгон.


Сурамжылоо 6-июнь, саат 19:00дөн тарта эсептелбей, ага чейинки добуштар саналды. Анын жыйынтыгы менен “Биримдик” партиясын колдогондор басымдуу болду. Кыргыз тилдүү окурмандардын 1252си өз добушун "Биримдикке" берсе, “Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш менен экинчи орунга чыккан. Буга чейинки шайлоодо алдынкы добуштарды алган КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу партиялар эң аз упай топтогон. Ал эми баарына каршы - 443 добуш берилген. 

 

"Эртең шайлоо болсо кайсы партияга добуш бересиз?" - деген сурамжылоого окурмандар төмөнкүдөй тандоо жасаган:

 

“Биримдик” - 1252 добуш (35,17%);

“Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш (15,76%);

Баарына каршы - 443 добуш (12,44%);

“Мекеним Кыргызстан” - 352 добуш (9,89%);

“Кыргызстан” - 330 добуш (9,27%);

“Бир Бол” - 173 добуш (4,86%);

“Ата Мекен” - 128 добуш (3,60%);

“Чоң казат” кыймылы - 92 добуш (2,58%);

“Мекен Ынтымагы” - 81 добуш (2,28%);

КЛДП - 37 добуш (1,04%);

“Замандаш” - 32 добуш (0,90%);

“Ата Журт” - 28 добуш (0,79%);

КСДП - 22 добуш (0,62%);

“Республика” - 20 добуш (0,56%);

“Өнүгүү-Прогресс” - 9 добуш (0,25%).

 

Ал эми орус тилдүү окурмандардын тандоосунда да “Биримдик” партиясы тандагандар басымдуу болду.

Анын жыйынтыгы:


“Биримдик” - 117 добуш (68,02%);

“Кыргызстан” - 22 добуш (12,79%);

Баарына каршы - 12 добуш (6,98%);

СДПК - 5 добуш( 2,91%);

“Бүтүн Кыргызстан” - 3 добуш (1,74%);

“Республика” - 2 добуш (1,16%);

“Ата Мекен” - 2 добуш (1,16%);

“Чоң казат” кыймылы - 2 добуш (1,16%);

“Замандаш” - 2 добуш (1,16%);

“Ата Журт” - 1 добуш (0,58%);

“Бир Бол” - 1 добуш (0,58%);

“Өнүгүү-Прогресс” - 1 добуш (0,58%);

“Мекеним Кыргызстан” - 1 добуш (0,58%);

КЛДП - 1 добуш (0,58%);

“Мекен Ынтымагы” - 0 добуш (0,00%).


Ага баш-аягы сурамжылоого 3 732 адам катышты. Бул окуя кыргыз тилдүү окурмандар арасында көп талкууланып, көпчүлүгү Биримдик партиясын колдошорун билдиришкен. Мына ушундай эле пикир орус тилдүү оркумандардын арасында да басымдуу болду. 

Пикирлер (13)

Коопсуздук коду
Апаз
Бул жагы пушка болуп калганго дейм. Заказ точно
Монокбай уулу Артур
Улан примов мыкты
Жумабаева Гулсаадат Ногоевна
Осмонова Айнура Шермаматовнага Ишенем
Алибек
Биримдик
Иркутск
6 чакырылыштагы депутатардын бири деле келбей койсо болот алардан эл тажадыжаны адамдар жана жаштар келсе