Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: «Кыргызстандын патриоттору» добушсуз калды

17.07.2020 17:03
1549
Сурамжылоонун жыйынтыгы: «Кыргызстандын патриоттору» добушсуз калды


БШК күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 саясий партиянын тизмесин жарыялады. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги окурмандар арасында “Сиз 4-октябрь күнү кайсы партияга добуш бересиз?” деген сурамжылоо жүргүздү. 


Жыйынтыгында «Биримдик» («Единство») партиясы - 1738 добуш менен алдыга озуп чыкты. Андан кийинки сапка «Социал-демократтар» - 1254 жана «Улуу журт» партиясы - 747 добуш менен илинди. Бир топ партиялар аз болсо да добушка ээ болду. Ал эми «Кыргызстандын патриоттору» партиясы бир дагы добуш ала алган жок.


Төмөндө партиялардын жалпы алган добуштарынын тизмесин сунуштайбыз:


1) «Биримдик» («Единство») - 1738 добуш;

2) «Социал-демократтар» - 1254 добуш;

3) «Улуу журт» - 747 добуш;

4) «Бүтүн Кыргызстан» - 280 добуш;

5) «Бирик» - 256 добуш;

6) Баарына каршы - 170 добуш;

7) «Ата Мекен» - 128 добуш;

8) «Мекенчил» - 117 добуш;

9) «Мекен Ынтымагы» - 59 добуш;

10) «Бир Бол» - 56 добуш;

11) «Чон Казат» - 47 добуш;

12) «Мекеним Кыргызстан» - 36 добуш;

13) «Республика» - 23 добуш;

14) «Реформа» - 18 добуш;

15) «Кыргызстан» - 15 добуш;

16) «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы» - 9 добуш;

17) «Кыргызстандын жашылдар партиясы» - 5 добуш;

18) «Эмгек партиясы» - 5 добуш;

19) «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы» - 5 добуш;

20) «Демократ» - 4 добуш;

21) «Чистое общество» («Таза Коом») - 4 добуш;

22) «Замандаш» - 4 добуш;

23) «Бийлик элге» («Власть народу») - 3 добуш;

24) «ОРДО» - 3 добуш;

25) «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы» - 3 добуш;

26) «Улуу Кыргызстан» - 3 добуш;

27) «Ар-Намыс» («Партия достоинства») - 2 добуш;

28) «Жаратман Эл» - 2 добуш;

29) «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» - 2 добуш;

30) «Ыйман Нуру» - 2 добуш;

31) «Билим Илим Ордосу» - 2 добуш;

32) «Единство народа» - 2 добуш;

33) «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» - 2 добуш;

34) «КУТ» - 2 добуш;

35) «Элдик көзөмөл» - 2 добуш;

36) «Актив» - 1 добуш;

37) «Кыргызстандын жумушчу партиясы» - 1 добуш;

38) «Ак Калпак» - 1 добуш;

39) «Тартип-Порядок» - 1 добуш;

40) «Бүткүл жаштар саясий партиясы» - 1 добуш;

41) «НУР» - 1 добуш;

42) «Өнүгүү-Кыргызстан» - 1 добуш;

43) «Адам-Демократ» - 1 добуш;

44) «Глас народа» - 1 добуш;

44) «Кыргызстандын патриоттору» - 0 добуш.


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Сауле
Биримдик алга! Кыргызстанды тупиктен чыгарчу кыйындар чогулган партия
Эльдияр
Биримдик партиясында кимдер бар экен деп интернетти чукудум. Мен урматтаган Марат Аманкулов менен Алтыбаева башында турат экен. Курамында дагы ким бар ким билет?
Мирлан
Сотсиалдык демократтар