“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги мындан 3 күн мурда коомчулукка суроо салып, кайсы саясатчынын премьер-министр болушун каалап жатканын окурмандардан сураган. Бул маселе биздин элдин кызыгуусун жаратып жатканын сурамжылоого катышкандардын санынан байкадык. Кыска аралыкта бул материалыбызга 60 миңге жакын адам баш багып, ага 2 500гө жакын ар кандай пикирлер жазылды. Жыйынтыгында эң көп добушка Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов ээ болуп, ага 3 миңден ашуун добуш берилди. Экинчи орунга 1 183 добуш менен Улукбек Кочкоров чыкты. Биз төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгын сунуш кылабыз.
1. Мелис Мырзакматов - 3 019 добуш (50,36 %);
2. Улукбек Кочкоров - 1 183 добуш (19,73 %);
3. Артём Новиков - 480 добуш(8,01 %);
4. Адахан Мадумаров - 352 добуш (5,87 %);
5. Абдил Сегизбаев - 200 добуш (3,34 %);
6. Аликбек Жекшенкулов - 192 добуш (3,20 %);
7. Камчыбек Ташиев - 125 добуш (2,09 %);
8. Өмүрбек Бабанов - 115 добуш (1,92 %);
9. Аймен Касенов - 112 добуш (1,87 %);
10. Бабур Тольбаев - 65 добуш (1,08 %);
11. Бактыбек Калмаматов - 54 добуш (0,90 %);
12. Балбак Түлөбаев - 40 добуш (0,67 %);
13. Равшан Жеенбеков - 34 добуш (0,57 %);
14. Каныбек Иманалиев - 12 добуш (0,20 %);
15. Канатбек Исаев - 12 добуш (0,20 %).
Пикирлер (18)