Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Кыргызстандагы үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойт

10.02.2023 09:32
437
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Кыргызстандагы үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойт

 Түркия жана Сириядагы катуу жер титирөөдөн кийин Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү маселеси козголду.


Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өзгөчө Бишкек жана Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга жооп бербей турганын билдирип, текшерүүгө алууну талап кылган.


Буга байланыштуу "media-center" мультимедиалык маалымат агенттиги окурмандардын пикирин билүү үчүн "Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?" деген темада сурамжылоо жүргүздү.


Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, окурмандардын 96,05%ы "Ооба, сөзсүз, ар бир көп кабаттуу үйдүн сапатын текшериш керек", 1,95%ы "Тиешелүү мекемелер жооптуу", 1,95%ы "Түркия менен Кыргызстандын жер кыртышын салыштырууга болбойт" деген пикирин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн