Бүгүн, 29-марттан тарта кыргызстандыктарды коронавируска каршы Кытайдын "Синофарм" вакцинасы менен эмдөө башталат.
Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги Коронавируска каршы эмдөөдөн өтөсүзбү? деген сурамжылоо жүргүзгөн.
Сурамжылоонун жыйынтыгында көпчүлүк коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөй турганын билдирген.
Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй:
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйм - 141 добуш
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү азырынча чече элекмин - 53 добуш
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм - 35 добуш
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн