Бүгүн, 11-августта Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынды.
Спортчу 70 кг салмак даражада беттешти.
Эрназар Акматалиев жалпы 3 беттешке чыкты. Алгач Түркменистандык балбанды, кийин 11:0 эсебинде Тажикистандык балбанды жеңди.
Жарым финалда Азербайжандык балбан менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утту.
Ал эми финалда ирандык балбанды жеңип, Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн