Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 16:07
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Сүйүнүчтүү кабар! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

16.09.2022 22:35
471
Сүйүнүчтүү кабар! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында коло медаль утту


Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Коло үчүн күрөштө Акматалиев индиялык Навин аттуу балбан менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз балбаны медалга ататыктуу экенин далилдей алды, эсеп 4:1, Эрназар Акматалиев жеңди.

Акматалиев 70 кг салмакта дүйнө чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач молдавиялык балбанды 14:2, анан болгариялык спортчуну 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Анда Эрназар япониялык Таиши Нарикуниге 10:11 эсебинде жеңилип, коло үчүн кармашка чыккан.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн