Бүгүн, 1-августта саат 15:23төр чамаларында Кыргызстандын аймагында
очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, деп
маалымдады Сейсмология институту.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак, Каду, Ак-Тоок айылдарында 3 балл, Кара-Алма айылында жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга чейин сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн