Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Сузакта 420 орундуу мектептин ачылышына Камчыбек Ташиев катышты

05.10.2021 15:41
2608
Сузакта 420 орундуу мектептин ачылышына Камчыбек Ташиев катышты


Бүгүн, 5-октябрь күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы №34 "Комсомол" орто мектебинин ачылышы өттү. 


Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.


Аталган мектеп 420 орундуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 49 млн. 500 миң сом акча каражаты сарпталган.


Саамалыкта облус башчысы жалпы айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Жергиликтүүлөрдө билим берүү мекемесине болгон муктаждык жоюлганын айтып, бул өсүп келе жаткан жаш муундардын мыкты билим алуусуна көрүлгөн камылга экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн