Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сузакта агасынан көз жарган 15 жаштагы кыз ымыркайдан баш тартты

25.07.2020 11:17
1538
Сузакта агасынан көз жарган 15 жаштагы кыз ымыркайдан баш тартты


Сузак районунда бир тууган агасынан көз жарган 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, өспүрүм эне ооруканадан чыгып абалы жакшы. Аны учурда таежеси карап жатат. Ал эркек бала төргөн жана андан баш тартты. Ымыркай райондогу төрөт үйүндө. Апасы Россиядан келгенден кийин алардын жашоо шарттары карап көрүлүп, балким ымыркай энесине берилет.


Кыз мектепте жакшы окуган жана эгиздин түгөйү болгон. Кыз менен сүйлөшүү жүргүзүүдө ал боюнда бар экенин билбегендигин айткан. Кыздын ичи 16-июль күнү түндө ооруп баштаган. Эртеси аны атасы сокур ичегиси ооруп жатат деп ооруканага алып келген. Медициналык текшерүүдө кыздын кош бойлуу экени аныкталып, көп убакыт өтпөй төрөп койгон.


Ал эми окуя төмөнкүчө болгон: мас абалда келген агасы кыздын бөлмөсүнө кирип зордуктап койгон. Эртеси агасы андан кечирим сураган жана жабырлануучунун айтымында, андан кийин тийген эмес.


Белгилей кетсек, Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарган. Анын агасына карата 164-берене (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүшкө алынып, шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн