Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта мыкаачылык менен сабалган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды

15.06.2020 11:08
1227
Сузакта мыкаачылык менен сабалган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аял тосмо арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты. 


Маалыматка караганда, бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, күйөөсү 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


"13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазган", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши милиция тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Окуя 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. 


"Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБге арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдктүү реестрине каттоого алынып,  КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң, КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.  Күйөөсү Сузак районунун  тургуну Б.З. кечээ, июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп маалымдаган милициядан. 


Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрүп, анда Сузактагы зордук-зомбулук маселеси талкуулангандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. 











 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн