Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы 293 кайрылуу кабыл алды

17.09.2020 10:23
744
Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы 293 кайрылуу кабыл алды


Сузак районунун аймагында эл менен тартип сакчыларынын ортосундагы мамилени жакындатууга “милициянын көчмө кабылдама унаасы” көмөктөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, бул унаа менен милиция кызматкерлери арыз-даттанууларды жергиликтүү калктан, айрыкча райондун борборунан алыс жайгашкан аймактарга барышып, жеринде жарандарды кабыл алып келүүдө. 


Ошондой эле район аймагында кылмыштуулуктун жана кырсыктардын алдын алууда кызматкерлер айыл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 


Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы үстүбүздөгү жылдын 8 айында жалпы - 293 атуулдан арыз жана ар кандай маселелердеги кайрылууларды кабыл алган. 


Алардын ичинен 66сы милицияга тиешелүү болгондуктан, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилип, калган кайрылуулар тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.


Милициянын көчмө кабылдамасы Жалал-Абад облусунун аймагында бир топ жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет жана милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, айрыкча кылмыштуулуктун алдын алуудагы салымы өтө зор экендигин жергиликтүү кызматкерлер белгилеп келишет. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн