Сузак районунда мыкаачылык менен сабалган аял, сот залында соттон күйөөсүн бошотууну өтүндү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабыркаган аял күйөөсүнө доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз жазган. Бул ишти укук коргоо органдарынын кызматкерлери аягына чейин чыгарууну көздөп жатышат.
Зомбулук фактысы боюнча видео далилдер болгондуктан милиция жабырлануучунун тосмо арызын карабайт. Бирок, аял күйөөсүнүн зомбулугуна карабай, аны менен жашоону улантарын айтып, анын жеке үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишпөөнү өтүнгөн.
Буга чейин облустук милициядан күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аял тосмо арыз жазганын билдирип: "13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазган", - деп маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн