Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузактагы кырсыкта бут сөөгү жабыркаган балага операция жасалды

08.05.2024 17:54
151
Сузактагы кырсыкта бут сөөгү жабыркаган балага операция жасалды


Сузактагы кырсыкта бут сөөгү жабыркаган балага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция квалификациялуу адистер тарабынан жасалып, ийгиликтүү өттү.

“Учурда бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу. Ал жалпы палатага которулду”, - деп белгилешти ооруканадан.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн