Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Сузактагы зомбулуктан алчу ачуу сабактар

15.06.2020 10:53
1170
Сузактагы зомбулуктан алчу ачуу сабактар



Депутаттарыма” кулак кагыш. Сузактагы зомбулуктан алчу ачуу сабактар

 

 

Мойнуна машиненин дөңгөлөгү илинип турган аялдын карикатурасы коомубуздагы аялзатка болгон мамиленин символу болуп калды. Кыргыз элибиз эстеликтерди тургузганды жакшы көрөт. Бул жолу кайсы бир баатырга же уруунун башчысына эмес, Сузакта кордолгон эненин монументин орнотуп койсок пайдасы көбүрөөк тийчүдөй. Кылмышты кылганы аз келгенсип, аялдын кордолгон турпатын, жүзүн видеого тартып элге жайылткан бул окуя төбө чачты тик тургузду.

 

Зөөкүрдү көптөр атын да билгиси келбей “айбан” деп атаганы элдин маанайы канчалык чөккөнүн мүнөздөөдө. Бирок, айбанаттар дагы ургаачысына мынчалык зомбулукту көрсөтүшпөсө керек. Андыктан, сузактык зөөкүрдү “айбан” деп атоо айбанаттарга шек келтиргенсийт.

 

Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинин жетекчилери Исхак Пирматов менен Наталья Никитенко бул окуяга реакция кылып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жазаларды катаалдаштырууга аракет жасарын билдиришти.

 

Вице-спикер Аида Касымалиева жакынкы күндөрү бир катар депутаттарды, парламенттеги аялдар форумун чогултуп, маалымат жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан маал. Эл өкүлдөрүнүн кабатырланганы, азыркы мыйзамдар боюнча сузактык зөөкүргө коомчулук күткөндөй жаза берилбей калышы ыктымал. Атүгүл, үй камагына чыгып кетүү коркунучу бар. Кылмышкер камалган күндө дагы бир-эки жылдын ичинде кайрадан эркиндикке чыгып, кайрадан дагы бир аялдын тагдырына балта чаппайт дегенге кепилдик жок.

 

ЖК депутаттары маалымат жыйынында буга байланыштуу кандай конкреттүү чараларды сунуштай турганы азырынча белгисиз. Кыргызстан мындан он эки жыл мурда өлүм жазасынан баш тартып, эл аралык коомчулуктун алдында гумандуулукка кадам таштаган. Былтыр талаштуу беш кодекс ишке киргенде да майда кылмыш кылган ууру-кескилердин, зөөкүрлөрдүн мыйзамдык жазалары кыйла жушмарган. Эми ошолордун ичинен, үй-бүлөлүк зомбулук – аялдарга, балдарга кордук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү сыяктуу мыйзамдык өзгөртүүлөргө барышы ыктымалбы? Ушундай кадам абалды өзгөртөбү? Никитенконун айтымында, мыйзамды канча жолу алмаштырба, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту коом өзү жээримейинче, өнөкөт токтобойт.

 

Кандай болгон күндө дагы, журналист катары депутаттардан бир сунушту эске алууга өтүнмөкмүн. Сузактык эне үчүн мойнуна илинген дөңгөлөк, башынан ылдый куюлган муздак сууга караганда анын жүзүн жашырбай, жүрөк үшүн алган видеону жайнаган сайттарга, социалдык желелерге жайылтуу алда канча чоңураак кордук болду. Кыргызда “намыс өлүмдөн күчтүү” деген учкул кеп бар. Көптөр, балким, энеге болушуп жатабыз, эгер бул видеону жайылтпасак, милиция, сот зөөкүрдү бошотуп жиберет деген ой менен ушундай ишке баргандай. Бирок, ушул эле “Азаттык”, “Би-Би-Си” сыяктуу эл аралык медианын сайттарын карасаңыз, Сузак трагедиясын кеңири, ар тараптуу чагылдырды, бирок кордолгон эненин жүзүн көрсөткөн жок. Бул адам укуктарын сыйлаган өлкөлөрдө жабыр тарткан тараптын өздүгүн жашыруу, жеке ар намысына шек келтирбөө сыяктуу нормалар мыйзамдарда дагы, ЖМКнын ички эрежелеринде дагы так жазылганан кабар берет.

 

Биздин өлкөдө да зордук-зомбулуктун видеолорун, сүрөттөрүн этияттык менен чагылдыруу, жабырлануучулардын өздүгүн жашырууга журналисттерди эле эмес, бардык тараптарды милдеттендирүү сыяктуу мыйзамдын нормаларын кайрадан карап чыгууга учур келди окшойт.

Андан сырткары коомубуз, атуулдук активисттер, журналисттер сүрөтү же видеосу жарыяланбай калган, бирок мындан да кайгылуу тагдырларга, көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бура баштаса жакшы тарапка өзгөрүүлөр болор беле. Кайсы бир саясатчы бакылдап сүйлөп койсо, апталап талкууга алгандардын көңүлүн үй-бүлөлүк зомбулукка бурууга кыргыз медиасынын күчү жетмек.

 

Жергиликтүү сайттардан наристелерди кордогон, муунтуп өлтүргөн, зордуктаган, аялдарына кайнак суу куйган, өрттөгөн, жаш балдардын суициди сыяктуу окуяларды ай өткөрбөй окуп келебиз. Анын ичинде “алакачуу” дегендей жапайы салтка салып, канчалаган аялдардын үй-бүлөлүк турмушу зордуктоо менен башталууда. Сузактагы каргашадан бир гана айырмасы - бул кылмыштын баары видеого тартылбай жасалып жатат...

 

 

Ибраим Нуракун уулу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн