Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси коррупцияга шектелип кармалды

04.09.2023 11:52
303
Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси коррупцияга шектелип кармалды


Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси подрядчылардан акча чыгарып алуу жана уурдоо боюнча коррупциялык схемага катышкан деген айып менен кармалды

УКМК тарабынан Свердлов райондук билим берүү борборунун кызмат адамдарына карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мамлекетке 8 млн 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. Ошентип 2-сентябрда РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды, мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Жогоруда аталлган Н.М. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда УКМК Чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн